akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    26.06.2020, 06:50

    Кыргыз Республикасынын делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, Президенттин Аппаратынын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

    [news 25518]

    Анализдердин жыйынтыгы боюнча Президенттин Аппаратынын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

    Белгилей кетсек, бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн.

    Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.

    Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.


    Читать похожее