Опубликовано
13.04.2022, 07:06“Нарын” өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомуна өздүк каражаттарынын эсебинен Нарын облусундагы Нарын дарыясында “Кубаттуулугу 100 МВт белгиленген “Куланак” ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо” долбоорун ишке ашыруу укугу берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Куланак ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө багытталган.
“Долбоордук-сметалык документация боюнча Куланак ГЭСин куруу мөөнөтү төрт жылды, ал эми тосмонун бийиктиги 27 м түзөт”,- деп маалымдады министрлер кабинетинен.
Куланак ГЭСин куруу долбоору "Ленгидропроект" АК тарабынан иштелип чыккан - гидроэнергетика жана суу чарба курулуштарын долбоорлоо жана өзгөчө татаал геологиялык аймактарда жана климаттык шарттарда гидротехникалык курулуштарды долбоорлоо жана курууну көзөмөлдөө боюнча кызматтардын толук комплексин көрсөтүү чөйрөсүндөгү эң эски орус долбоорлоо - изилдөө институту.
Белгилесек, Нарын дарыясында жалпы орнотулган кубаттуулугу 6, 2 ГВт чейин болгон 30га чейин ГЭСти курууга болот.