Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынган сүрөт

    Опубликовано

    30.04.2021, 13:17

    Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына ар тараптуу жардам чогулууда. Анын алкагында курулуш компанияларынын бири Баткенге үч миллион сом бөлдү. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Нурбек Алимбеков "Фейсбук" баракчасына жазды.

    Маалыматка ылайык, “Нурзаман” курулуш компаниясы акчанын 1 миллионун Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эсебине которуп, 2 млн сом окуяда жабыркап, аз камсыз болгон жарандарга жумшайт.

    “Чыр-чатак болуп жаткан аймакта биздин бир туугандар, достор, мекендештер жабыр тартууда. Акыркы суткада Баткенде канчалаган бейкүнөө курмандыктар болду. Алар жардамга, колдоого муктаж! Бул кырдаалда биздин курулуш компания кайдыгер четте карап турбайт. Достор, катарга кошулуңуздар, биргеликте Баткенди колдоого алалы! Кайдыгер карабагандар, айрыкча өлкөнүн ишкерлерине кайрылабыз - чек ара аймагында жашагандар, биздин жардамга муктаж.” деп айтылат кайрылууда.

    Жардам берүүнү каалагандар каражатты Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эсебине которсо болот.

    эсеп: 4409021103005073

    BIK 440902

    Банк: Борбордук казыналык

    ИНН: 01312199910086

    Төлөм коду: 14411100


    Читать похожее