Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    24.04.2023, 09:52

    Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

    Маалыматка ылайык, Лебединов ГЭСи 1948-жылы пайдаланууга берилген. Анын белгиленген кубаттуулугу 7,6 МВтты түзөт. ГЭС эки гидроагрегаттан турат. Учурда аталган ГЭС оңдоп-түзөөгө муктаж.

    “Долбоордун жалпы наркы 13,8 млн евро, анын ичинде 8,8 млн евро насыя түрүндө (насыянын мөөнөтү – 15 жыл, жеңилдетилген мезгил – 4 жыл, пайыздык чен – 1%+6-айлык ставка Euribor) жана инвестициялык грант түрүндө 5 млн еврого чейин берилет”, - деди Энергетика министри Таалайбек Ибраев.

    Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.


    Читать похожее