Опубликовано
12.02.2024, 03:15"Лейлек" ГЭСинин биринчи агрегаты жайында ишке берилиши мүмкүн. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, аталган гидроэлектрстанциянын кубаттуулугу дээрлик 6 МВтты түзөт.
ГЭС Баткен облусуна караштуу Өзгөрүш айылындагы Козу-Баглан дарыясына курулууда.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү фонддордун бири тарабынан жеңилдетилген насыя катары 5 млн 600 миң доллар бөлүнгөн.