Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    26.05.2023, 03:46

    Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга талапкерлердин шайлоо фонддорунан 9 млн. 405 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

    Мыйзам ченемдерине ылайык бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

    • 150 миң сомдон ашпаган талапкердин жеке каражаттары;
    • 1 млн. сомдон ашпаган саясий партиянын өздүк каражаттары;
    • ар бири 200 миң сомдон ашпаган жеке адамдардыныктыярдуу кайрымдуулук каражаттары;
    • юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуккаражаттары, алардын ар бири 500 миң сомдон ашпайт.

    Белгилеп кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 49 талапкер көрсөтүлгөн. 32 талапкер катталып, 3 талапкер андан ары шайлоого катышуудан баш тартты.

    Добуш берүү 28-майда болот. Ленин району боюнча депутатты шайлоонун жыйынтыктары 11-июнга чейин аныкталат.


    Читать похожее