Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

27.07.2023, 07:35

Кыргызстанда ушул жылдын жарымында колдоого алынган инвестициялык долбоорлордун көлөмү 300 млн доллардан 800 млн долларга жакын көбөйгөн. Бул тууралуу “Ысык-Көл-2023” VII Эл аралык экономикалык форумунда Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, буга өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча талыкпаган иштер түрткү болду.

“Ошондой эле, 2023-жылдын биринчи жарымында иш жүзүндө өздөштүрүлгөн инвестиция алты эсеге көбөйгөнүн белгилей кетүү керек. Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлору отчеттук мезгилде бардык сапаттык жана сандык көрсөткүчтөр боюнча туруктуу өсүштү көрсөтүп 1 млрд доллардан ашты”, - деди Темиралиев.


Читать похожее