Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

04.08.2023, 05:14

Жыл башынан бери Кыргызстандын банк системасы 12 млрд 33,6 млн сом таза киреше алды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Банк секторунун жалпы активдери жыл башынан бери 14,5 пайызга көбөйүп, 552 млрд сомду, милдеттенмелер 15,7 пайызга өсүп, 465,1 млрд сомду түздү.

“Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди эсептөө үчүн колдонулган банк секторунун таза суммардык капиталынын көрсөткүчү 74,5 млрд сомду түздү. Жыл башынан бери 8,8 пайызга азайган. Банк секторунун капиталындагы чет өлкөлүк катышуунун үлүшү 21,7 пайызды же банк секторунун төлөнгөн уставдык капиталынын 11,1 млрд сомду түздү”, - деп билдирди Улуттук банк.

Ушул жылдын 30-июнуна карата Кыргызстанда 23 коммерциялык банк жана алардын 318 филиалы иштеп жатат.


Читать похожее