akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    15.05.2024, 05:40

    Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде учкучсуз учуучу аппараттар боюнча биринчи окуу борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

    Анын айтымында, борбор Шэньси кесиптик колледжи жана Сиань Тяньи интеллектуалдык башкаруу билим берүү технологиясы менен биргеликте түзүлгөн.

    “Жаңы борбор маркшейдердик, транспорттук, геоинформатика жана өзгөчө кырдаалдар сыяктуу түрдүү тармактарда дрондордун технологиясы жана эксплуатациясы боюнча адистерди даярдоого адистешкен. Бул кызматташтык Кыргызстан менен Кытай үчүн гана эмес, бүткүл регион үчүн билим берүү жана технологияны өнүктүрүүдө олуттуу кадам”, - деп айтылат билдирүүдө.


    Читать похожее

    • 14.08.2024, 03:22:52
    • 13.08.2024, 22:28:01
    • 06.08.2024, 22:30:45
    • 05.08.2024, 00:45:15