Akchabarsearch
Источник фото: WWW

Опубликовано

26.04.2023, 05:00

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Лондондо эки күндүк иш сапары менен жүрөт. Делегациянын курамында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана текстиль өнөр жайынын ассоциацияларынын өкүлдөрү бар. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Темир Сариев жана элчи Улан Жусупов Улуу Британия тарабынан сунушталган жаңы DCTS соода преференциясын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Ал Кыргызстандын товарлары үчүн британ базарына алымсыз негизде кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Тараптар потенциалдуу көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун, Кыргызстандын экспортунун түзүмүн, логистикалык маршруттарды жана экспорттук продукцияны сертификациялоо маселелерин талкуулашты.

“Ишкерлер өнүгүп келе жаткан мамлекеттер менен соода кылуунун жаңы схемасы (DCTS) менен таанышып, текстиль жана айыл чарба тармактарына өзгөчө көңүл бурушту. Бул Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосундагы 2019-жылдан берки биринчи соода миссиясы жана эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, жолугушуу Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинде өтүп, делегацияны өлкөнүн тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы Жеймс Клеверли жетектеди.


Читать похожее