Опубликовано
14.04.2022, 09:42Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) аткаруучу директору жана башкы юридикалык кызматкери Сахила Мирза менен жолугушуп, тараптар Кыргызстанга “жакшы жеткирүүчү” (Good Delivery) макамын кайтарып берүү боюнча маселенин учурдагы абалын талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
Элчи Улан Жусупов “Кыргызалтын” ААК тарабынан LBMA стандарттарына жана нормаларына ылайык бардыкчараларды жана талаптар аткарылып жаткандыгын билдирди.
“Мындан ары кыргыз тарап эрежелерди так аткарып, процедураларды талап кылынган мөөнөттө аткарат деп ишендирди”, - деп айтылат маалыматта.
Элчи ошондой эле Кыргызстан менен “Центерра Голддун” ортосунда “Кумтөр Голд” компаниясын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салып, келишим түзүлгөнүн белгиледи.
“Кыргыз тарап келишим боюнча алган милдеттенмелерин толук аткарууга даяр жана “Центерра Голд” да өз милдеттемелерин аткарат деп күтөт”,- деп элчи баса белгиледи.
Ал эми Сахила Мирза Кыргызстанга LBMA менен тыгыз кызматташып жаткандыгы жана аталган көйгөйдү чечүү боюнча аракети үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстан Good Delivery тизмесинин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мындан ары да олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.
Эске салсак, 2021-жылдын сентябрь айынан тарта “Кыргызалтындын” Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен чыгарылган жана Good Delivery List тизмесине кирген эмес.