Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

24.05.2023, 11:36

Бишкектеги "Мадина" базарындагы бир катар кафелерге санитардык нормаларды сактабаганы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, санитардык эскертүүдө көрсөтүлгөн иш-чаралардын толук аткарылбаганы үчүн коомдук тамактануу жайларында 8 объекттин жооптуу кызматкерлерине административдик укук бузуу боюнча 8 протокол түзүлдү.

Ошондой эле, укук бузуу үчүн административдик жаза колдонуу боюнча 8 токтом чыгарылды.

Салынган айыптардын жалпы суммасы 114 миң сомду түздү.


Читать похожее