Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    18.05.2023, 09:33

    Ушул айдан баштап бардык салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

    Эми бардык салык төлөөчүлөр Салык кызматынын маалыматтык системасында катталып, электрондук эсеп-фактураны тариздеши керек. Эсеп-фактураны колдонуу боюнча жаңы талаптар Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги токтому менен киргизилген.

    Белгилеп кетсек, бул талаптар контролдук-кассалык машинаны (ККМ) колдонуу менен иш жүргүзгөн жана патенттин негизинде салык төлөгөн же бирдиктүү салыктын негизинде нөлдүк ставканы колдонгон салык төлөөчүлөргө (жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашпаган) тиешелүү эмес.

    Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жылдык жүгүртүүсү 8 млн. сомдон ашкан салык төлөөчүлөр милдеттүү түрдө колдонот.


    Читать похожее