Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

11.09.2020, 03:20

2020-жылдын 8 айынын ичинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жөнгө салуучу иш бөлүмү тарабынан өлкө аймагында курулуш ишин жүргүзүүгө 378 лицензия берилген. Бул тууралуу аталган ведомстводон маалымдашты.

[news 27914]

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарына – 205, Чүй облусуна – 30, Талас облусуна – 8, Ысык-Көл облусуна – 10, Ош облусуна – 96, Баткен облусуна – 5, Жалал-Абад облусуна – 21, Нарын облусуна – 3 лицензия берилди.

Лицензиялардын жалпы санынан, 374 лицензия Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына жана 4 жеке ишкерлерге берилген.

Белгилей кетсек, биринчи жолу 277 уюм лицензиясын алган, ал эми 4 уюмдун лицензиясы «Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан таанылган лицензиялардын реестрине» киргизилген.

Отчеттук мезгилдин ичинде бардыгы болуп лицензия алуу боюнча 385 арыз кабыл алынган.


Читать похожее

  • 25.09.2023, 21:15:38
  • 01.03.2021, 21:15:56
  • 10.09.2020, 21:20:41
  • 04.06.2020, 04:45:25