Опубликовано
07.04.2022, 08:41Кечээ, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов мыйзам долбоору мамлекеттик сатып алуулар тутумун өркүндөтүү жана алдыңкы тажрыйбаны киргизүү, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү менен коррупцияны минималдаштыруу максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Муну менен катар ресурстарды эффективдүү жана үнөмдүү пайдалануу аркылуу максималдуу пайдага жетүү үчүн мамлекеттик сатып алууларды камсыз кылууга багытталганы айтылды.
Талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов бүгүнкү күндө өткөрүлүп жаткан тендерлердин ачыктыгы тууралуу сөз кылып, мыйзамдын кабыл алынышы кандай жыйынтыктарды алып келээрине кызыкты.
Өз кезегинде финансы министринин орун басары Улугбек Календаров мыйзам долбоорун кабыл алуу менен сатып алуу жараянын санариптештирүүнүн негизинде адамдык факторду азайтып, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатталганын маалымдады.
Муну менен катар товарлардын электрондук каталогу түзүлгөнүн айтып: “Ал жерден эки күндүн ичинде түз сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн”, – деди министрдин орун басары.
Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.