Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

01.02.2024, 04:24

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинин инвестициялык көлөмү 100 млрд сомдон ашып, 68 долбоорду түзөт. Бул тууралуу Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси Талантбек Иманов "Фейсбук" баракчасына жазды.

Анын айтымында, 2021-2023-жылдар аралыгында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун портфели 32ден 68ге чейин көбөйтүлгөн жана 2024-жылдын башында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча 27 келишимге кол коюлуп, жалпы инвестициялык сумма (350 млн доллар) 31 млрд сомдон ашты.

2023-жылга карата иш-чаралардын алкагында жеке инвестицияларды тартуу менен Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча 2,1 млрд сомдон (24 млн АКШ доллары) ашык суммада 6 келишимге кол коюлган.

“Дүйнөдө Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун рейтингин түзгөн көз карандысыз “The Economist Intelligence Unit” экономикалык журналынын баалоосуна ылайык, Кыргызстан 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү”, - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее

  • 21.08.2024, 01:44:10
  • 19.08.2024, 22:35:18
  • 08.07.2024, 00:30:21
  • 01.07.2024, 04:25:36