Опубликовано
10.04.2023, 09:00“Манас” эл аралык аэропорту ААКсы Талас аэропортунун реконструкциялоо иштерин жүргүзөт. Учурда компания Транспорт жана коммуникациялар министирлиги менен биргеликте асфальттоо-бетондоо иштерин жүргүзүү, оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жол-жобосун иштеп чыгууда. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма соз кызматкери Алия Курбанова “Акчабарга” билдирди.
Маалыматка ылайык, “Талас” аэропорту ишке берилсе саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат. Долбоор 2023-жылдын 3-4-кварталында ишке ашырылат. Аталган долбоорго канча каражат жумшалары азырынча тактала элек.
“Талас” аэропортунун аэродромунун учуп-конуу тилкеси, рулеждук жолчосу жана перрондорду оңдоп-түзөө пландалууда. Аткарылып жаткан иштер мамлекеттин пайдасына каражаттарды үнөмдөө максатында жасалууда”, - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 7-апрелде “МЭА” ААК Башкармалыгын төрагасы Манасбек Самидинов Талас облусуна барып, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Аскар Шабдановдор менен “Талас” аэропортунун жана аэродромдун курулуш иштеринин башталышы тууралуу талкуулашкан.
Ошондой эле жолугушуу учурунда “Манас” эл аралык аэропортунун инфраструктура жана региондук өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов, бүгүнкү күндө “Талас” аэропортунун жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык иш-кагаздары аяктоо этабында экенин айткан.
Белгилей кетсек, 7-апрелде Талас мэриясынын басма сөз кызматы “Талас” аэропортун оңдоп-түзөөгө 35-40 миллион сом мамлекет тарабынан бөлүнгөнүн жарыялаган. Бул маалыматты “Акчабарга” “Манас” аэропортунан байланышып төгүндөштү.