Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

05.01.2024, 07:30

2021-жылдан 2023-жылга чейин “Манас” эл аралык аэропортунун жалпы кирешеси 52%га өскөн. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча кирешенин жалпы көлөмү 10,7 млрд сомду түздү, бул 2022-жылга салыштырмалуу кирешенин 1,7 млрд сомго же 20%га көбөйгөндүгүн билдирет.

“2021-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде таза пайданын көрсөткүчү 48%га өстү жана 2023-жылга карата финансылык-экономикалык ишмердүүлүктүн алдын ала жыйынтыгы боюнча 6 млрд сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта.

2022-жылга салыштырмалуу таза пайданын өлчөмү 700 млн сомго же 13%га көбөйгөн.


Читать похожее