Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

11.05.2020, 10:10

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандагы коммерциялык банктар 10 млрд 530 млн 437.9 миң сомго, орточо 17.94 пайыздык чен менен насыя беришкен. Бул тууралуу өлкөнүн регулятору билдирди.

[news 23953]

Кошумчалай кетсек, бул сумма февраль айына салыштырмалуу 768 млн 530.4 миң сомго жогору.

Берилген насыянын дээрлик 77.96% же 8 млрд 209 млн 579.2 миң сом, орточо 20.48% менен улуттук валютада берилген. Доллар менен - 2 млрд 320 млн 858.7 миң сом, 8.96% менен берилген.

Белгилей кетсек, улуттук валюта менен берилген насыянын пайыздык чени 0.93% жогорулап, доллар менен берилген насыянын пайыздык чени - 0.08% төмөндөгөн.


Читать похожее

  • 22.07.2024, 21:51:13
  • 07.04.2022, 22:29:56
  • 15.03.2022, 05:04:26
  • 10.03.2022, 23:58:57