
Опубликовано
26.07.2023, 10:56Быйыл Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкан фермерлерден сапаты 23%дан кем эмес (үчүнчү сорттон кем эмес) 40 миң тонна буудай сатып алат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик азык-түлүк буудайын жеткирүүгө квоталарды облустар боюнча, ал эми облустар райондор боюнча 40,0 миң тонна өлчөмүндө бөлүштүрдү.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы клейковинасынын курамы 23% кем эмес буудайдын 1 кг үчүн 23 сомдон сатып алуу баасын бекитти.


