Опубликовано
03.05.2021, 09:52Салтка айланып калгандай эле, MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Билим берүүдөгү окутуу усулдарын баалоо борбору менен биргеликте мобилдик телефонду колдонуу менен Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярданууга абитуриенттерге шарт түзөт.
MegaCom оператору ЖОЖго окууга ийгиликтүү тапшырууну, ЖРТдан даярдыктан өтүүнү каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө MEGA24 тиркемесинде кыргыз жана орус тилдеринде акысыз түрдө даярданууну сунуштайт.
Бул үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу жетиштүү:
Катталгандан кийин тапшырмалар ЖРТде бериле турган тапшырмаларга окшош болгон тестирлөөдөн өтө аласыңар.
Эске салсак, 2021-жылы Жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 23-майга чейин өтөт. Терстирлөөдөн эң жогорку балл алып, кыялыңардагы окуу жайга өтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбагыла.
Силердин билимиңер – ийгиликтүү келечектин өзөгү!