Akchabarsearch
    Источник фото: MegaCom

    Опубликовано

    15.03.2021, 07:43

    MegaCom уюлдук оператору жана «Раритет» дүкөнү китеп сүйүүчүлөрү үчүн «Айдын мыкты окурманы» биргелешкен акциясы уюштурулуп жатканын кубануу менен кабарлайт.

    [news 32971]

    Акциянын негизги шарты - «Китеп порталы» сервисинин активдүү колдонуучусу болуп, өз аккаунту менен порталга көбүрөөк кирип туруу. Ар бир айдын жыйынтыгы менен эң активдүү деп эсептелген 3 колдонуучу «Раритет» китеп дүкөнү сунуштаган 3 китептин бирин тандап алат.

    Март айынын алгачкы 3 жеңүүчүсү төмөнкү китептерден турган белекти тандап алса болот.

    Биринчи орун үчүн:

    • «Шантарам» (Грегори Дэвид Робертс);
    • Мектеп окуучулары үчүн Дүйнө атласы;
    • «Жогорку эффективдүү адамдардын 7 көндүмү» (Стивен Р.Кови).

    Экинчи орун үчүн:

    • Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын чакан жыйнагы;
    • «Коралина» (Нил Гейман);
    • «Кылычсыз Самурай» (Китами Масао).

    Үчүнчү орун үчүн:

    • «Дориан Грейдин портрети» (Оскар Уайльд);
    • «Кичинекей ханзаада» (Антуан де Сент Экзюпери);
    • «Феррарисин» саткан кечил» (Робин Шарма).

    «Китеп порталы» сервисинин колдонуучулары активдүү окурмандар арасынан өз рейтингин бир ай бою *9718# буйруусу аркылуу көзөмөлдөп тура алат. «Айдын мыкты окурманы» акциясы тууралуу толугураак маалыматты book.megacom.kg сайтынан окуңуздар.

    Бош убактыңызды пайдалуу өткөрүңүз. MegaCom менен бирге китеп окуп, бирге жеңишке жетиңиздер!


    Читать похожее