Akchabarsearch
    Источник фото: MegaCom

    Опубликовано

    25.04.2022, 14:41

    MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 16 жылдыгына карата премиалдык категориядагы номерлерге 70 пайызга чейинки арзандатууларды тартуулайт.

    Ыңгайлуу баадагы VIP-номерлердин бактылуу ээси болуп калуу үчүн, фирмалык кеңселердин биринен «Элдики + MegaCom|TV» түркүмүндөгү тарифтердин бири кошулган SIM-карта сатып алуу жетиштүү. Компания адистери сандардын уникалдуу ыраатынан турган, оңой жатталуучу номерлерди тандоодо жардамга келет.

    MegaCom'дун премиалдык номерлердин наркына төмөнкүдөй арзандатуулар каралган:

    · «Күмүш» категориясындагы номерлерге 30%: 300 сомдун ордуна 210 сом;

    · «Алтын» категориясындагы номерлерге 30%: 3000 сомдун ордуна 2100 сом;

    · «Платина 7500» жана «Платина 15000» категориясындагы номерлерге 50%: бул номерлерди 3750 жана 7500 сомго сатып алсаңыздар болот;

    · «Платина 30000» жана «Платина 45000» категориясындагы номерлерге 70%: булардын арзандатуудан кийинки баасы болгону 9000 жана 13500 сомду түзөт.

    Акциянын аракет мөөнөтү: 2022-жылдын 25-апрелинен 10-майга чейин.

    Мыкты сунушту колдонуп калуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

    MegaCom – мамлекеттик уюлдук байланыш оператору!


    Читать похожее