Akchabarsearch
    Источник фото: MegaCom

    Опубликовано

    14.03.2022, 04:30

    Мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MegaCom «Элдики + MegaCom|TV» жаңы тарифтер түркүмүн тааныштырат. Ар бир абонент өзү үчүн зарыл болгон кызматтарды таба алат, тактап айтканда:

    • түрдүү жанрдагы 200гө чейинки телеканалдарды көрүү үчүн MegaCom|TV интерактивдүү телеберүүсүнүн жаңы жана ыңгайлуу кызматы. Ал каналдардын баарын тарифтердин жаңы линейкасынын алкагында бардык түзмөктөрдөн* (смартфон, планшет, Smart TV, сайт аркылуу) АКЫСЫЗ көрө аласыз;
    • акысыз Wi-Fi тараткан жана калдыктарды кийинки мөөнөткө өткөрүп берген функциялары менен жогорку ылдамдыктагы 4G-интернетинин ГИГАБАЙТТАРЫ;
    • АКЫСЫЗ социалдык тармактар жана мессенджерлер;
    • түйүн ичинде ЧЕКТӨӨСҮЗ чалуулар жана SMS;
    • өлкөдөгү башка мобилдик операторлордун номерлерине АКЫСЫЗ чалуулар;
    • мындан тышкары өз убагында абоненттик төлөмдү төлөгөндүгү үчүн абоненттерге «МегаБелек» акциясы боюнча бонустук гигабайттар автоматтык түрдө эсептелинет.

    Тарифтердин жаңы түзмөктөрүн түзүүдө MegaCom абоненттердин түрдүү муктаждыктарын эске алды.

    «Биздин команда жарандардын уюлдук байланыштагы, жумуш, окуу жана көңүл ачуудагы керектөөлөрүн максималдуу түрдө камсыздоо максатында «Элдики + MegaCom|TV» жаңы тарифтерин түздү. Тарифтердин жаңы түзмөктөрүнөн ар бир абонент өзү үчүн ылайыктуу жагдайларды табат, ал эми дүйнөлүк масштабдагы контент менен уюлдук телеберүү эч кимди кайдыгер калтырбайт деп ишенем», – деди бул саамалык жөнүндө айтып жатып «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов.

    «Элдики + MegaCom|TV» түзмөктөрүнөн өзүңүзгө жаккан тарифти 7 же 28 күнгө тандап алыңыз.


    Читать похожее