Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    30.06.2021, 07:22

    MegaCom компаниясы Жалал-Абад шаарында жана Бүргөндү айылында жаңы Сатуу жана тейлөө борборлорунун ачылганын кубануу менен маалымдайт! Бул маанилүү иш-чаранын урматына уюлдук оператор майрамдык акция жарыялайт.

    Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү №57 дарегинде жана Бүргөндү айылынын Маданият көчөсүндө жайгашкан жаңы кеңселерге кайрылган абоненттерге «Күмүш», «Алтын» жана «Платина» категориясындагы номерлерге 80 пайыздан 100 пайызга чейинки арзандатуулар болот. Болгону бир шарт менен – «Интернет» жана «Чалуулар» тарифтик планынын 28 күндүк топтомдорунун бирине кошулуу керек.

    Арзандатууга кантип ээ болсо болот?

    • «Күмүш» номерди 100 пайыздык арзандатуу (баасы – 0 сом) менен алуу үчүн төмөнкү топтомдордун бирине кошулуу керек: «Интернет Аймактык 325», «Интернет Эконом 395», «Интернет Стандарт 495», «Интернет Чектөөсүз 750», «Бардыгы Чектөөсүз 980», «Чалуулар Эконом 225», «Чалуулар Билим 285», «Чалуулар Стандарт 300» же «Чалуулар МАХ 360».
    • «Алтын» категориясындагы номерлерге 100 пайыздык арзандатуу (баасы 0 сом) төмөнкү 4 жумалык топтомдорго кошулган абоненттерге гана жеткиликтүү: «Интернет Чектөөсүз 750» же «Бардыгы Чектөөсүз 980».
    • «Платина» категориясындагы номерлерди 80 пайыздык (баасы – 1500 сом) арзандатуулар менен «Бардыгы Чектөөсүз 980» топтомуна кошулуп алууга болот.

    Муну менен эле баары бүтпөйт! Жогоруда аталган тарифтик топтомдорго кошулган SIM-карталардан 2 же андан көптү сатып алган учурда абоненттерге MegaCom компаниясынан азембелектер берилет.

    Акция 2021-жылдын 1-июлунан баштап 10-июлуна чейин уланат.

    «Интернет» жана «Чалуулар» тарифтик планына кошулуу шарттары тууралуу кененирээк маалыматты MegaCom компаниясынын расмий сайтынан окуңуз.


    Читать похожее

    • 27.04.2022, 03:29:13
    • 30.06.2021, 01:22:50
    • 16.09.2020, 22:19:26
    • 03.09.2020, 23:20:19