Опубликовано
16.11.2021, 09:00Достор! Эми MegaKassa программалык көзөмөл-касса машинасынын (ПККМ) кызматы үчүн MegaPay тиркемеси аркылуу комиссиясыз жана бир нече баскычтарды басып эле акча төлөп койсо болот.
Мунун жолу кандай?
Даяр! Кызмат үчүн комиссиянын наркы – 0 сом!
Эскерте кетели, 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып, 2022-жылдын 31-декабрына чейин MegaKassa программалык ККМ колдонуучулары үчүн абоненттик төлөмдү арзандатуу менен төлөө акциясы аракетте болот. Программалык камсыздоону колдонуу үчүн тарифтик пландар менен шилтеме аркылуу кирип тааныша аласыздар.
MegaKassa – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген талаптарына ылайык, салык органдарына маалыматтарды онлайн-режимде берүүгө шартталган, салык режимдерин жөнөкөйлөтүүчү ыңгайлуу инструмент. Сервис товарларды сатуу жана сатып алуу, ошондой эле, көрсөткөн кызматтар үчүн акча эсеп-кысаптарын фискалдык кассалык чек менен жүргүзгөн ишкерлерге ылайыкталган.
MegaKassa онлайн ККМ колдонуунун артыкчылыктары эмнеде?
MegaPay – сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!