Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

04.07.2023, 06:02

Министрлер кабинети "Альфа-Телеком" (мурдагы MegaCom) ЖАКтын акцияларын аукционго койду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик акциялардын 100% толук пакети электрондук аукционго коюлду.

"Альфа-Телеком" ЖАКтын мамлекеттик пакетинин акциясынын баштапкы суммасы 14 миллиард 600 миллион сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Электрондук аукцион электрондук соода аянтынын порталында өткөрүлөт. Табыштамалар 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө кабыл алына баштайт. Кабыл алуу 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт.

Электрондук аукцион 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.


Читать похожее