Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

28.08.2023, 10:00

Улуттук банк “Aflatoun International” эл аралык уюму менен биргеликте 2023-жылдын 27-августунан 29-августуна чейин финансылык сабаттуулуктун компетенцияларын билим берүү стандарттарына киргизүү боюнча улуттук семинар өткөрдү.

Жөнгө салуу органынын маалыматы боюнча, иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле демилгелерди илгерилетүүгө кызыктар эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын балдарды жана жаштарды социалдык жана финансылык жактан тарбиялоо жаатындагы өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында “Адам жана коом” предметинин билим берүү стандартына “Aflatoun International” программаларынын компетенцияларын интеграциялоо боюнча узак мөөнөттүү планды иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.


Читать похожее