Опубликовано
04.03.2024, 10:30Кыргызстандагы менчик медициналык лабораториялар кызмат акысын арзандатты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим лабораториялардын өкүлдөрү менен жолугушууда кабыл алынган.
Анда "Бонецкийдин лабораториясы", "Аквалаб", "Евролаб", "Гемотест", "Экспресс-Плюс", "Медикана", "Лазмед клиникасы", Human, "Интер-Лаб" "Интермедикал" жана "Фарватер" лабораториялары барды анализдердин баасын 30% чейин төмөндөтө турган болгон.
Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр "Юни-Хелп","Лаб-Сервис"," Кокомерен","Юрфа","Эль-Фарм","Медикс-Элес", “Медцентр.кж” “Би-Хелс-Фарм","Эрай-Фарм","Фарватер","Мээр-Чоп","Мирамед жана Ко","БиЛайв","Медитэк","Меди-Прогресс" жана "Дайра-Фарм” сыяктуу бир катар ЖЧКлар берилген реагенттердин баасын 15%га чейин төмөндөттү.
Ошондой эле "Юрфа" медициналык борборунун жетекчилиги томографияга тартуу кызматын 20%га төмөндөткөнү айтылат.
"Бонецкий лабораториясына” мамлекеттик медициналык мекемелердин дарыгерлеринин жолдомосу менен барган бейтfптарга кызмат көрсөтүүлөрдү 50%га чейин арзандатуу боюнча макулдашылган.