Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    03.05.2021, 07:13

    Майкрософт MicrosoftStoreдо сатуудан түшкөн оюндарды иштеп чыгуучулардын үлүшүн 18%га көбөйтөт. Анткени компаниянын жетекчилиги жеке компьютер оюндар рыногундагы позициясын бекемдөөнү пландаштырууда. Бул тууралуу Microsoft корпорациясынын расмий сайтында маалымдалды.

    1-августтан баштап, Microsoft дүкөнүндө компьютер оюндарын сатуудан түшкөн таза кирешеде иштеп чыгуучулардын үлүшү 70%дан 88%га чейин жогорулайт. Натыйжада, сатылган оюндардан компаниянын комиссиясы 12%ды түзөт. Бирок, бул Microsoft корпорациясынын Xbox консолуна эмес, компьютер оюндарына гана тиешелүү болот.

    Кошумчалай кетсек, Майкрософт оюндар рыногундагы позициясын бекемдөөнү жана ЖК оюндарынын эң ири онлайн сатуучусу - Steam менен атаандашууну пландаштырууда.


    Читать похожее