Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

14.02.2024, 11:46

Былтыр мигранттар Кыргызстанга 2 млрд 706,1 млн доллар которушкан. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, акча которуу 2022-жылга салыштырмалуу 12%га азайган. Анда акча которуулар тутуму аркылуу өлкөгө 3 млрд 86,5 млн доллар которулган.

2023-жылы түшкөн акчанын 93,5%дан ашыгы Орусияга туура келет, ал жактан 2 млрд 531,5 млн доллар которулган, бул көрсөткүч наркы жылга салыштырмалуу 13,8%га азайган. КМШнын башка өлкөлөрүнөн 19,4 млн доллар түшкөн.

2023-жылы алыскы чет өлкөлөрдөн акча которуулардын көлөмү 155,3 млн долларды түздү – жеке жактардын 29%ы (45,3 млн доллар) Кыргызстанга АКШдан которгон. Ал эми бул көрсөткүч 2022-жылы 134,2 млн доллар түзгөн.


Читать похожее

  • 14.02.2024, 05:46:20
  • 29.12.2023, 02:08:44
  • 26.12.2023, 00:22:21
  • 20.11.2023, 01:07:36