Опубликовано
05.10.2020, 08:50Чүй жана Баткен облустарында мыйзамсыз сатылып жаткан алкогол продукциялары аныкталды. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти.
[news 28565]
Жалпысынан 26 миң 369 бөтөлкө алкоголдук ичимдик аныкталды. Анын ичинен Баткен шаарындагы кампалардын биринен 16 миң 682 бөтөлкө, Ысык-Ата районунан 9 миң 687 бөтөлкө.
Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.