Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

05.07.2023, 10:54

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) уставдык капиталын 19,2 млн. сомго көбөйтөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Мындай чечим акционерлердин 26-июндагы кезексиз жыйынында кабыл алынды. Компания өзүнүн уставдык капиталын ар биринин номиналдык наркы 100 миң сом болгон 192 жөнөкөй акцияны эсепке алуу түрүндө чыгаруу менен көбөйтөт.

Жыйындын протоколундагы маалыматтарга таянсак, бул 19,2 млн. сом 2017-жылдын апрель айында өкмөттүн токтому менен 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында жана 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына колдоо көрсөтүү үчүн күрөөгө коюлган. Бул каражатка алар 12 батир алууну пландаштырышкан. Эми алар Бишкектин Тунгуч кичи районундагы 9 кабаттуу 135 батирлүү турак жайдын курулушуна багытталат.

Ошентип, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик компаниянын акцияларын жабык тартипте сатып алат. Бүтүм аяктагандан кийин МИКтин уставдык капиталы 13 млрд. 566,4 млн. сомду түзөт.


Читать похожее