Опубликовано
10.04.2022, 06:27Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жайыл районундагы куюу цехине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысы куюу цехин кыдыруу учурунда ата мекендик ишкерлердин көйгөйлөрүн укту. Кеп зарыл сырьёлор менен камсыз кылуу жөнүндө жүрдү.
Аталган көйгөйдү чечүү максатында Жапаров Экономика жана коммерция министрлигине мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде экинчилик сырьену чогултуп, андан соң аны продукцияны үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн заводго өткөрүп бере турган ишкана түзүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.