Опубликовано
16.03.2021, 09:30Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кирешеси жок 3төн көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына 3 миң сом көлөмүндө жөлөкпул төлөө тууралуу жарлыкка кол койду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
[news 32343]
Эскерте кетсек, социалдык тармактар жана WhatsApp тиркемеси аркылуу президент Садыр Жапаров кирешеси жок, 3төн көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына 3 миң сомдон жөлөк пул төлөө тууралуу жарлыкка кол койду деген маалымат активдүү тарап жатат.
«Ушуга байланыштуу министрлик жарандарды туура эмес маалыматты жайылтпоого жана коомчулукту адаштырбоого чакырат» , -деп айтылат маалыматта.