
Опубликовано
17.07.2023, 04:06Айыл чарба министрлиги Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте өлкөдө мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүүнүн негизги максаты - мөмө-жемиш тармагынын кошумча нарк чынжырынын негизги компоненттеринин, анын ичинде фермерлердин, кайра иштетүүчүлөрдүн, илимий-изилдөө жана мамлекеттик мекемелердин ортосундагы байланышты чыңдоо болуп саналат.
Башкача айтканда, мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү стратегиясы мөмө-жемиштерди өндүрүүгө, кайра иштетүүгө жана бөлүштүрүүгө катышкандар мейкиндикте байланышта жана институционалдык система аркылуу органикалык байланышта деген түшүнүктү камтыйт.
“Биринчи 5 жылдык планда Ош жана Баткен облустарында пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу мөмө-жемиш кластерин илгерилетүү жана анын потенциалын чыңдоо каралган. Ал эми узак мөөнөттүү максат – пилоттук долбоорлорду Чүй, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарына жайылтуу”, - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, министрлик мөмө-жемиш тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар чараларды ишке ашырууда.



