Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

24.08.2020, 11:30

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар санаториялык-курорттук дарылануу үчүн берилген жолдомонун ордуна акчалай жөлөкпул ала алышат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

[news 27293]

Анын айтымында жолдомонун ордуна акча төлөө төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

- Биринчи топтогу майыптар үчүн: беш жылда бир жолу - бекитилген сумманын 100%ы; Биринчи топтогу майыптыгы бар жаранды коштоп жүргөн адамга медициналык көрсөтмөлөргө ылайык бекитилген сумманын 50%ы;

- Экинчи топтогу майыптар үчүн: беш жылда бир жолу - бекитилген сумманын 50%ы;

- Үчүнчү топтогу майыптар үчүн: беш жылда бир жолу - бекитилген сумманын 30%ы.

«Төлөнө турган каражаттын өлчөмүн аныктоо ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын чечиминин негизинде Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген жолдомонун орточо баасын эсепке алуу менен жүргүзүлөт жана ыргайым укуктуу орган тарабынан бекитилет», - деди ал.


Читать похожее

  • 15.11.2023, 22:45:54
  • 18.02.2022, 02:50:46
  • 11.11.2020, 00:15:12
  • 19.10.2020, 02:05:51