Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    15.04.2022, 04:27

    Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарына жумушчу сапарынын алкагында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

    Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө тараптар ортосунда өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле жыйында соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, аймактар аралык кызматташуу маселелерине, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга басым жасалды.

    Кожошев белгилегендей, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясы өкмөттөр аралык өз ара аракеттешүүнү илгерилетүү жана активдештирүү үчүн гана аянтча болуп саналбастан, ошондой эле бизнес-байланыштарды орнотуу жана кеңейтүүгө да мүмкүндүк берет.

    «Россия биз үчүн өнөр жай товарларын, отун-энергетикалык ресурстарды, медициналык, фармацевтикалык жана химиялык продукцияларды, жыгач материалдарын, машиналарды жана жабдууларды, ветеринардык дармектерди, ошондой эле жаңы технологияларды жеткирүү жаатында жагымдуу», - деп белгиледи ал.

    Ал кошумчалагандай, кыргыз тарап россиялык тараптын Кыргызстан менен үзгүлтүксүз авиакаттамга чектөөлөрдү алып салуу тууралуу чечимин колдоого алат.


    Читать похожее

    • 14.04.2022, 22:27:27