Опубликовано
02.03.2022, 06:22Мамлекеттик салык кызматы “Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз” (ЭТТК) маалыматтык системасын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага байланыштуу Салык кызматы бардык каалоочу ишкер субъекттерди системаны тестирлөөгө активдүү катышууга чакырат.
"Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды ЕАЭБ бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн аймагында товарлардын, анын ичинде мунай продукттарынын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоо жол-жобосун оптималдаштыруу максатында киргизилип жатат", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматтык система Салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат, ал товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аны реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, электрондук документ жүгүртүүнүн кагаз жүгүртүүдөн шексиз артыкчылыгы анын ыкчамдыгы болуп саналат, ал ишкердик субъекттерине ЭТТКны (анын ичинде оңдоп-түзөтүлгөн) контрагенттер менен бир нече мүнөттүн ичинде алмашууга мүмкүндүк берет.