Akchabarsearch
    Источник фото: MegaCom

    Опубликовано

    27.01.2022, 06:18

    Абоненттерге ыңгайлуу болуш үчүн, жана да накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү максатында MegaCom уюлдук оператору MegaPay тиркемесинде жеткиликтүү болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын тизмесин кеңейтүүнү улантууда.

    Мындан ары сервисте муниципалдык мүлктүн ижара акысын төлөө мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болуп калды. Эми банктын жакынкы бөлүмүнө баруунун же төлөм аткаруу үчүн терминал издөөнүн зарылчылыгы жок.

    Бул үчүн:

    • тиркемени Google Play'ден же App Store'дон жүктөп алыңыз же жаңылаңыз;
    • «Төлөмдөр» бөлүмүнө кирип, ал жерден «Мамлекеттик төлөмдөр» баскычын тандаңыз. Андан соң «Муниципалдык мүлктүн ижара акысы үчүн төлөм» дегенди басыңыз;
    • реквизиттерди (ижарачынын аты-жөнүн), төлөнүүчү сумманы киргизип, төлөмдү тастыктаңыз.

    Даяр!

    Мындан тышкары реквизиттерди терүү же керектүү сервисти издөө үчүн убакыт коротпой, «QR-төлөм» бөлүмүнөн QR-код аркылуу да төлөсө боло тургандыгын эскерте кетели.

    MegaPay – жашооңуздагы ишенимдүү жардамчыңыз!


    Читать похожее