
Опубликовано
25.07.2023, 04:15Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова коррупцияга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Динара Кутманова министр болуп турганда жогорку бийлик арткан ишенимге карай өзүнүн жеке амбициясын, жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурган.
Ошондой эле, экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын, уулун, сиңдисин, үй кызматкерин, уулунун досун жана башкаларды тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган.
“Үч жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 млн 568 миң сомду түзүп, анын 180 млн бул министрликтеги муктаждыктар үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн, ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 млн 568 миң сом берилген", - деп айтылат маалыматта.



