Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

22.08.2023, 04:25

Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай эмес төлөмдөргө толук өтүүнүн экинчи күнүндө 90 миң жол кире "Тулпар" картасы менен төлөндү. Бул тууралуу “Тулпар” кызматынан билиришти.

Эске салсак, Бишкекте 20-августтан тарта муниципалдык коомдук транспортто жол кире акысын электрондук жол менен гана төлөөгө болот. Электрондук билет долбоорун ишке ашыруунун алкагында накталай төлөм толугу менен алынып салынган.

Ошентип, коомдук транспорт акысын “Тулпар” картасынын жардамы менен “Mbank”, “MegaPay” жана “Balance” электрондук капчыктары, ошондой эле “Visa” жана “Elkart” карталары аркылуу төлөөгө болот.


Читать похожее