Опубликовано
12.10.2023, 08:40Коомдук транспорттун накталай эмес төлөмгө өтүшүнөн улам мамлекетке 136 млн сом зыян келген. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында айтылды.
Депутат Казыбек Эргешов накталай эмес төлөмгө өткөн алгачкы күндөрү “Тулпар” карталары тартыш болгонун эске салды. Айдоочуларга накталай төлөмдөрдү алууга тыюу салынып, жүргүнчүлөрдү бекер ташууга туура келгендигин кошумчалады. Мындан улам транспорттук компанияларга кандай зыян келтирилгенин сурады.
Вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов эки айда келтирилген зыяндын көлөмү 136 млн сомго жакын экенин билдирди.
Анын айтымында, учурда элде “Тулпар” карталары, ал эми автобус жана троллейбустарда валидаторлор болсо да эл психологиялык жактан накталай эмес төлөмгө өтүүгө даяр эмес.