Akchabarsearch
Источник фото: WWW

Опубликовано

28.04.2023, 11:40

Бүгүн президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Кытайдын Кашгар аймагынан келген расмий делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жооптуу кызматкерлери, райондордун акимдери, "Нарын" Эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги, ал эми Кытай тараптан Кашгар округунун губернаторунун орун басары Цяо Сянхуа мырза, "Кашгар" Эркин экономикалык аймагынын жана комплекстүү бондалык аймагынын жетекчилери, ири ишкерлери катышты.

Жолугушууда Нарын облусу менен Кашкар округунун ортосунда соода-экономикалык байланышты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жыйынтыгында Нарынга "Кашгар'" ЭЭАнын, Кашгарга "Нарын" ЭЭАнын өкүлчүлүктөрүн ачуу макулдашылды. Бондалык аймактар боюнча иштерди улантуу, жүк өткөрүүнүн сапатын жакшыртуу, импорт-экспорт, соода-экономикалык байланышты бекемдөө жаатында кызматташтыкты арттыруу талкууланды.


Читать похожее