Опубликовано
07.08.2023, 04:54Нарын облусунун Ат-Башы районунда “Бүгүнкү аракет – эртенки келечек” аттуу инвестициялык форум өттү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Форумга Экономика жана соода министринин орун басары Кубанычбек Закенаев, президенттин Нарын облусу боюнча биринчи орун басары Адыл Сапаров, бир катар эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү, ишкерлер, эл аралык жана ата мекендик ишкерлер катышты.
Иш-чаранын алкагында атайын тигилген боз үйлөрдө облуста 7 кластердик ыкма менен өндүрүлгөн эт, сүт, бал, балык, карагат, чычырканак, дары чөптөр сыяктуу органикалык азыктар, ошондой эле туризмге багытталган кол өнөрчүлөрдүн буюмдары көргөзмөгө коюлду.
Ошондой эле, жаш техниктердин ойлоп табууларынын атайын көргөзмөсү да уюштурулду. Форумдун жыйынтыгында кызматташуу боюнча 18 меморандумга кол коюлду.