Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    22.07.2024, 10:43

    Бүгүн “Смарт - Нарын - 24” долбоорун ишке ашыруу боюнча 4 тараптуу меморандумга кол коюлду.​ Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

    Бул долбоордун арты менен КМШ өлкөлөрүндө биринчи болуп Нарын шаарында коомдук жайларда акысыз интернет берилет.

    Нарын шаарындагы 20 жеткиликтүү чекиттерде элге акысыз Wi-Fi түйүндөрү таратылаары мерчемделүүдө. Долбоор Борбордук Азия Университетинин жана "Билайн" компаниясынын колдоосу менен ишке ашууда.

    Кол коюу аземине президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, Борбордук Азия Университетинин жана “Скай мобайл” ачык акцинердик коомунун Нарындагы филиалынын өкүлдөрү катышты.

    Долбоор 2024-жылдын август айынын ичинде ишке киргизилээри күтүлүүдө.


    Читать похожее

    • 22.07.2024, 04:43:02
    • 13.04.2021, 23:39:53