Akchabarsearch
    Источник фото: Нарын шаардык мэрия

    Опубликовано

    27.04.2022, 10:35

    Нарын шаарында тиричилик калдыктарын бөлүп салуу үчүн урналар коюлду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, мындай иштер "Эко-кыймылы Нарын шаарында" долбоорун алкагында жүргүзүлүүдө.

    “Экологиялык долбоордун алкагында Нарын шаарындагы 7 жерге 21 таштанды урналары коюулуп, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев 5 миң долларга бааланган долбоорду ишке ашырган Айнура Турдалиевага өз ыраазычылыгын билдирди”,- деп айтылат маалыматта.

    Ошондой эле пластик, айнек жана кагаз таштандыларын бөлуп салуу менен аны кайра иштетүүнү ишке ашыруу зарылчылыгын билдирген калаа башчысы бул боюнча да иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.

    Белгилей кетсек, жогоруда аталган долбоорду Лингва-Нарын мектебинин жетекчиси Айнура Турдалиева ишке ашырууда.


    Читать похожее

    • 27.04.2022, 04:35:25