akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    30.05.2024, 07:07

    Кытайдын Ухань провинциясындагы мамлекеттик ири текстиль фабрикасынын өкүлдөрү Нарынга келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тигүү фабрикасын ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

    Маалыматка ылайык, инвесторлорго өнөр жай объектилерин курууга мүмкүн болгон жер тилкелери көрсөтүлдү.

    “Облустук администрация текстиль тармагын өнүктүрүү Нарын үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи. Анткени кыска мөөнөттө жумушчу орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее