Akchabarsearch
Источник фото: Спутник

Опубликовано

11.09.2020, 10:15

Нарындагы «Чырпыкты» чачыранды алтын, геологиялык чалгындоо участогун пайдаланууга берүү үчүн 4-сентябрь күнү аукцион болуп өттү. Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет маалымдады.

[news 27914]

Баштапкы баа 1950 доллар болгон. Жыйынтыгында 3200 доллар сунуштап, ЖЧК «Голд Контент» компаниясы аукциондун жеңүүчүсү болгон.

Кыска геологиялык мүнөздөмө

1986-89- жылдары аймакта изилдөө – балоо иштери жүргүзүлгөн.

Чырпыкты участогунда 7чуңкур сызык бар. 1:10 000масштабында геологиялык карта жана 1:100 – 1:1000 сыноо таразасы түзүлгөн.

Суу катмарынын пайда болуу тереңдик горизонту 1.6м. ден 8м. ге чейин. Анын кубаттулугу, 0.8-24м. суулар экин агымда.

. Чырпыкты участогунда геологиялык чалгындоо иштери, андан кийинки запастарды иштетүү үчүн рентабелдик менен участокторду тандоо талап кылынат.

Ошондой эле, ушул жылдын 4 – сентябрына көрсөтүлгөн аукциондор белгилүү себептерден улам өткөрүлбөй калды:

  • «Четке-Арчалу», участогу, чачыранды алтын, чалгындоо - форс-мажор;
  • «Баш-Нура» участогу, чачыранды алтын, геологиялык чалгындоо - өтүнүч түшкөн жок.

Кошумча маалымдайбыз, 2020 – жылдын октябрь айында төмөнкү аукциондор болоору пландалууда.

2020 – жылдын 7 октябрында саат 12-00м. Ош областынын Өзгөн МРАмекемесинде:

  • «Аксур» аймагына, алтын, геологиялык чалгындоо;
  • «Чытты», аймагына,таш көмүр, геологиялык чалгындоо.

2020 – жылдын 8 – октябрында саат 12-00м.Ош областынын Алай МРА мекемесинде:

  • «Каракала-Терек» аймагы, алтын, геологиялык чалгындоо.

Читать похожее

  • 17.06.2024, 23:55:18
  • 16.06.2024, 21:40:33
  • 10.05.2024, 01:28:37
  • 08.04.2024, 22:23:14