
Опубликовано
05.07.2023, 03:21Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарындагы Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды. Учурда “Как” уран калдыктары сакталган жайы рекультивацияланууда, жүргүзүлүп жаткан иштер быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Талды-Булак” уран калдыктары сакталган жайы “Дальнее” уран калдыктары сакталган жайга көчүрүлүүдө. Ташуу иштери 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Миң-Куш айыл аймагында “Талды-Булак”, “Туюк-Суу”, “Как” жана “Дальнее” сыяктуу уран калдыктары сакталган жайлар бар.
Белгилей кетсек, “Туюк-Суу” уран калдыктары сакталган жайын “Дальнее” уран калдыктары сакталган жайга айыл аралаган жол аркылуу ташуу керек болгондуктан жергиликтүү эл каршылыгын билдирген.
"Акылбек Жапаров жергиликтүү эл менен жолукту. Тургундар эгерде “Туюк-Суу” уран калдыктары сактоочу жайы ачылып, башка жайга көчүрүлө турган болсо, ал ден соолукка зыян келтирээрин айтышты", - деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында, Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө “Туюк-Суу” уран калдыктары сактоочу жайын көчүрүү маселесин жашоочулар арасында “референдум” сыяктуу жолу аркылуу чечүүнү жана анын жыйынтыгы менен Министрлер кабинети бир чечимге келээрин билдирди.



